Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-сентябры № 15/4
“Гаузан – Таза - Суу” ИСКАКБнын төрагасы А.Бердикуловдун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчеттун угуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Гаузан – Таза - Суу” ИСКАКБнын төрагасы А.Бердикуловдун 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчетту канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Таза ичимдик суусунан тарифтерине өзгөртүү киргизип берүү тууралуу “Гаузан-Таза-Суу” ИСКАКБнын төрагасынын кайрылуусуна негиз төмөндөгү тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин:
Көчөдөн суу ичкендерге жан башына бир айга 11 сом 50 тыйындан.
Короосуна суу түтүгүн киргизгендерге:
15 диаметрдеги трубага 1 айга 250 сом;
20 диаметрдеги трубага 1 айга 350 сом;
30 диаметрдеги трубага жана андан жогоруга 500 сомдон жана андан
жогору;
3. ИСКАКБга тапшырма катары төмөнкү жумуштарды тез аранын ичинде бүткөрүү милдети жүктөлсүн:
- ИСАКАКБ жумуш баштаар алдынан ар бир абонент менен келишим түзсүн;
- Ар бир короосуна суу түтүгүн алып кирген трубалар 15 диаметрдеги трубага алынып келинсин;
- Короодогу суу түтүкчөлөрүнө эсептегичтер коюлсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов. |