Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-сентябры № 15/6
Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимбердиевдин 2014 – жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчеттун угуу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимбердиевдин 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган иштери айыл өкмөтүнүн бюджетинен аймакта аткарылуучу жумуштарга карата ажыратылган каражаттарга негиз жумуштарды аткаруудагы кемчилдиктерин эске алуу менен эскертүү берилсин.
2. 2014 – жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кетирилген кемчилдиктерди оңдоо жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Раимбердиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов. |