Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 12-4
Ноокат районунун Шаңкол айылынын тургуну Торобек Каримовдун жеке менчик аянтындагы кампанын багытын өзгөртүү жөнүндө.
Ноокат районунун Шаңкол айылынын тургуну Торобек Каримовдун 2013-жылдын 22-октябрындагы №2013-15335 сандуу, “сатып алуу жана сатуу” келишимдин негизинде сатып алган жеке менчик 71,5 чарчы метр жер аянтындагы кампанын багытын коомдук чарбалык буюмдарды сатуу соода борбору кылып өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган катын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун Шаңкол айылынын тургуну Торобек Каримовдун жеке менчик 71,5 чарчы метр жер аянтындагы кампанын багытын коомдук чарбалык буюмдарды сатуу соода борбору деп өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сураныч каты канаттандырылсын.
2. Пайдалануу багытынын аталышына өзгөрүтүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |