Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 12-6
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы № 392 –Барын, № 398-Бостон, № 399-Крупская, № 452-Кара Турпак шайлоо участкаларынын комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексине ылайык, коомдук бирикмелерден, эмгек коллективдеринен жана шайлоочулардын жашаган жери боюнча чогулуштардын протоколдорун карап чыгып Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде № 392 –Барын, № 398-Бостон, № 399-Крупская, № 452-Кара-Турпак шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына сунушталсын.
(Протоколдор жана тизмелер тиркелет.)
2. Барын, Бостон, Крупская, Кара Турпак шайлоо участкаларынын комиссияларынын курамдарын бекитип берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |