Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 12-7
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, А.Толонов, С.Калбеков көчөлөрүндөгү эгилген бак-дарактарды жана теректерди кыркып алууга уруксат берүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылдын 26-апрелиндеги жана Ноокат “Суу-канал” ишканасынын 2014-жылдын 11-мартындагы сунуш каттарын көрүп чыгып, трансформаторлордун иштеп чыгышын алдын алуу максатында 10 КВ линиялардын астындагы жана 0,4 КВ төмөнкү чыналуудагы электр линияларынын астын бойлоп өскөн бак-дарактарды, теректердин тамырлары асфальт жолду бузуп жаткандыгын ошондой эле, жолдордун четтерине эгилген теректер жөө жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө тосколдук жараткандыгын эске алып жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы сунуштарды эске алып жолдордун четтерине эгилген терек жана бак-дарактары жолдун четиндеги тратуарга туш келип калгандыктан жана жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кыйынчылык келтирип жаткандыгына байланыштуу Ноокат шаарынын аймагындагы А.Алланазаров, А.Төлөнөв, С.Калбеков көчөлөрүндөгү эгилген бак-дарактарды жана теректерди кыркуу жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылдын 26-апрелиндеги жана Ноокат “Суу-канал” ишканасынын 2014-жылдын 11-мартындагы сунуш каттары канаатандырылсын.
2.Кыркылуучу терек жана бак-дарактар тууралуу Ноокат райондук экология бөлүмүнө билдирүү берүү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Р.Б.Коконбаевге тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |