Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-апрели № 12-8
Ноокат шаарына караштуу А.Абдуваитов атындагы мектебинин волейбол ойноочу аянтчасын ордуна кичи футбол ойноочу спорт аянтчасын куруу жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы мектебинин волейбол ойноочу аянтчасын ордуна кичи футбол ойноочу спорт аянтчасын куруу жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылдын 25-апрелиндеги сунуш катын көрүп чыгып, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы мектебинин волейбол ойноочу аянтчасын ордуна кичи футбол ойноочу спорт аянтчасын куруу жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдик менчик департаментинин 2014-жылдын 26-апрелиндеги сунуш каты канааттандырылсын.
3.Мыйзам негизинде келишим түзүү жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Р.Б.Коконбаевге тапшырылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |