Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-сентябры № 15-1
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына жана кышка карата даярдыгына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаны окуу жылына жана кышка карата даярдыгына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин спорт залынын курулушу үчүн ажратылган акча каражатынан тендер өткөрүлгөндөн кийин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен төмөнку бюджеттик билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жылытуу системаларын ремонттоо үчүн:
-Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебине 63 219 сом;
- Х.Самиев атындагы орто мектебине 76 885 сом;
- Крупская атындагы орто мектебине 215 000 сом;
-“Кара-Турпак” балдар бакчасына 41 600 сом;
-У.Салиева атындагы балдар бакчасына 42 250 сом, бардыгы болуп 438 954 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |