Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-сентябры № 15-2
Ноокат шаардык мэриясынын
юридикалык дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан “Ноокат шаар мэриясын”, “Ноокат шаардык кеңешин”, “Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти” мекемесин кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын юридикалык дарегин, Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап жана Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын талкуулап, Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын юридикалык дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан “Ноокат шаар мэриясын”, “Ноокат шаардык кеңешин”, “Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти” мекемеси кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
2. “Ноокат шаар мэриясынын”, “Ноокат шаардык кеңешинин”, “Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти” мекемесинин юридикалык документтерин кайрадан даярдап, Ош облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Ноокат шаар мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык мекемесинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |