Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-сентябры № 15-3
Ноокат району жана Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын багытын өзгөртүү жөнүндө.
Ноокат районунун жана Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон административдик офисинин багытын жеке коммерциялык медициналык элге кызмат көрсөтүү, ашкана жана тейлөө борбору деп өзгөртүү киргизүүнү суранып жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун Кара-Таш айылынын Нойгут көчөсүнүн № 32 үйүнүн тургуну Эгамбердиев Абдирахманга тиешелүү Ноокат шаарынын, Солтобаев көчөсүндөгү № 11 үйдүн 1-кабатындагы 166,5 чарчы метр болгон административдик офистин багытын жеке коммерциялык медициналык элге кызмат көрсөтүү тармагы деп өзгөртүлсүн.
2. Ноокат шаарынын тургуну Усилдинов Абдулвасит Абдулхаевичке тиешелүү болгон Ноокат шаарына караштуу С Алимбаев көчөсүндөгү 508 чарчы метр турак жайынын ичинен 116,76 чарчы метр жер тилкесин ашканага жана 41,24 чарчы метр жер тилкесинин багытын элди тейлоо соода борбору деп өзгөртүлсүн.
3. Жогорудагы аталган атуулдун жер-тилкесинин пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо жагы Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |