Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-сентябры № 15-4
Ноокат шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөргө канализация киргизүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагында 15 минден ашуун калк жашайт. Шаар аймагында көп кабаттуу үйлөр негизинен 1960-жылдан 1964-жылдарга чейин курулган. Ошол учурда көп кабаттуу үйлөргө суу түтүктөрү, туалет үчүн канализациялар киргизилбей калган. Шаар тургундары үчүн үй-жай салууга турак жай курулуштарын куруу үчүн жер участкалары жок болгондуктан, көпчүлүк кожолуктарда 3-4 үй-бүлө чогуу жашайт. Бүгүнкү күндө шаар тургундарынын саны көбөйүп жаткандыктан, шаарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл.
Мурда шаар аймагында курулуп пайдалналылып жаткан көп кабаттуу үйлөргө суу түтүктөрү, туалет үчүн канализация курулбагандыктан, шаар ичиндеги тазалык өз дэнгеелинде сакталбай жугуштуу ооруулар чыгуу коркунучу бар. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, шаардын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөргө суу түтүктөрүн жана канализация киргизүүдө көптөгөн суммадагы акча талап кылынып, шаардык бюджеттин жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн республикалык бюджетинин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү суралсын.
2. Ноокат шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн бош турган жерлерди табуу жагы Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине сунушталсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери, муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гафаров |