Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 1
«Кызыл-Суу айылдык Кенеши
тарабынан кабыл алынган
токтомдорду мамлекеттик тилде
жазууу жөнүндө.»
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигин, ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 26 беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп, талкуулап Кызыл-Суу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кенештин аймагында жашаган адамдардын көпчүлүгү мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кенештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун, Ош шаарынын юстиция башкармалыгы аркылуу Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кызыл-Суу айылдык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Суу Айылдык Кеңешинин тѳрагасы: |
М.Нышанбаев |