Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 3
«Депутаттын мандатын
кайтарып алуу жөнүндө»
Кызыл - Суу айылдык Кенешинин V-чакырылышынын VII-сессиясында Айылдык Кенештин депутаттарынын тартип маселеси каралып, айылдык кенештин сессиясына жыл ичинде жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпаган жана депутаттык мандат боюнча мыйзамдын 24 беренесинин 7 пунктуна таянып, сессиянын катышуусуна жана туруктуу комиссиянын иштерин аткарууга терс таасир тийгизгендиктен депутаттын депутаттык мандатын кайтарып алуу жөнүндө төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Камбаров Мунарбек Ураимович айылдык Кенешинин депутаты, айылдык кенештин сессияларына, отурумдарына катышпай үзгүлтүктөрдү жараткандыгы үчүн айылдык кенешинин депутаттыгынан чыгарылсын.
2. Камбаров Мунарбек Ураимовичтин депутаттык мандатын кайтарып алуу жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Нышанбаев |