Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-декабры № 4
«Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун
тейлөө иштерине текшерүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө»
Кызыл-Суу айылдык Кенешинин VII-сессиясында депутаттык топтун текшерүү жыйынтыгы каралды.
Анда үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Ф.Мамиевге сын-пикирлер айтылып, оорулууну өз убагында тез жардам менен ооруканага жеткирүү кызматтары начар экени белгиленди. Айтылган сунуштарды эске алып, кетирилген кемчилдиктерди жоюу максатында айылдык Кенеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунүн башчысы Ф.Мамиевдин 2013-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Тез жардам авто унаасы оң абалда оорулууларга кызмат көрсөтүү үчүн дайым даяр туруусу Ф. Мамиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Суу айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Ж. Маматалиевке жүктөлсүн.
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Нышанбаев |