Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 01-01/101
«Кочкор-Ата-Таза-Суу» ичүүчү таза
сууну пайдалануучулар айылдык
коомдук бирикмесинин
башкармалыгынын курамын
бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, «Кочкор-Ата-Таза-Суу» таза сууну пайдалануучулар айылдык коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мурдагы курамы түрдүү себептер менен комиссиянын курамынан чыгып кеткендигине байланыштуу, таза сууну пайдалануучулар айылдык коомдук бирикмесинин башкармалыгынын жаңы курамын бекитип берүүгө жазган шаардык мэриянын юристи К.С. Жолдошовдун кайрылуусун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кочкор-Ата-Таза-Суу» таза сууну пайдалануучулар айылдык коомдук бирикмесинин башкармалыгынын курамы жоюлсун жана төмөндөгүдөй курамда жаңыдан түзүлүп бекитилсин.
Эшиев Каныбек Каюмович – комиссиянын төрагасы;
Маматов Асылбек Токтосунович – төраганын орун басары;
Кудайназаров Анарбек – бухгалтер;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Өнөр жай иштери боюнча мэриянын башкы адиси;
Мэриянын юристи;
Мамаев Азимбек Эл башы
Токтосунов Камбар I квартал башчысы;
Исмаилова Сурмакан II квартал башчысы;
Ажибаева Калыс IIIквартал башчысы;
Арзиева Инабат IV квартал башчысы;
Мусабекова Калдаркан V квартал башчысы;
Мамаджанов Абдурасул VI квартал башчысы;
Эгемкулова Токтокан VII квартал башчысы;
2. Башкармалыктын мурдагы төрагасы А.П.Цымбалдан башкармалыктын иш кагаздарын, мөөрүн, банкттык эсептеги акчаны өткөрүп алуу жаңыдан түзүлгөн башкармалыктын төрагасы К.К.Эшивге жана бухгалтер А.Кудайназаровго милдеттендирилсин.
3. Таза сууну пайдалануучулар айылдык коомдук бирикмесинин Уставын кайрадан карап, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбей тургандай кылып иштеп чыгуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Артыков |