Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 01-01/102
«Жалал-Абад транспорт каражаттарын
жана айдоочулук курамды каттоо
департаментинин аймактык бөлүмүнүн
кайрылуусун кароо жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, Жалал-Абад транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин аймактык бөлүмү тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө кошумча эки штаттык бирдигин өзүн-өзү каржылоо эсебинен киргизүүнү карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык бирдигине Жалал-Абад аймактык транспорт каражаттарын каттоо департаментинин бөлүмүнүн эки штаттык бирдиги келишимдин негизинде киргизилип бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу мэриянын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага жана шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Артыков |