КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 01-01/104
«Аксакалдар сотторунун
мүчөлөрүнүн кайрылуусу
жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы, Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алдында уюушулган ыктыярдуу башталыштагы коомдук орган болуп саналган Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн сунуш кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамынын 33-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо шаардык мэриянын түрдүү чыгымдарынын эсебинен мыйзам чегинде жүзөгө ашырылсын.
3. Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу шаардык мэриянын түрдүү чыгымдарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
Б.Артыков |