Редакцияот 12.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

2013-жылдын 12-марты № 10

Жылалды айыл Ѳкмѳтγнγн 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин бекитуу жѳнγндѳгγ маселе айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын-ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Жылалды айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. 2012-жылы Жылалды айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγгγ 21025,3 мин сомго жана чыгаша бѳлγгγ 20955,1 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. 2013-жылга айыл Ѳкмѳтγнγн бюджети кирешелер жана чыгашалар 19483,1 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жѳнγндѳ мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл ѳкмѳтγнγн резервдик фонду 192,0 мин сом ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.

4. Жылалды айыл ѳкмѳтγнγн аймагына караштуу жети айыл болгондуктан жетектѳѳчγ адистин денгээлинде 4- айыл башчы адиси жана аскерге милдеттγγ 1360 адам саны болгодугуна байланыштуу 2- бошотулган ВУС адиси жана адам саны миңден ашыкча болгондугу γчγн 1  кошумча адистик  штатты кармалсын.

5. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл ѳкмѳтγнγн бюджети боюнча жγргγзγлγγчγ накталай акча каражаты 2014-жылдын 1-январына карата 40,0 миң сом ѳлчѳмγндѳ белгиленсин.

6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин бюджет финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

М.Акназаров