Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-майы № 12/3
Малдын кѳчγп конуусу, баданын уюштурулушу, корук маселелери жѳнγндѳ
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бада , корук уюштурууда кемчиликтердин болуп жаткандыгы белгиленсин.
- корукту толук кандуу уюштуруу менен малчыларды алыскы жайыттарга кѳчγрγγ боюнча кечиктирилгис чаралар кѳрγлсγн.
- кѳчтѳрдγ 1-Май айылынын четинен ѳткѳрγγ боюнча элге тγшγндγрγγ иштери жγргγзγлсγн
- жайыт комитетинин курамына айыл башчылар Т Курманбаев, Ж Ырыскелдиев, башкы адис Н Алакунов, жетектѳѳчγ адис А Чукулуков киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарбасы боюнча жетектѳѳчγ адис А Чукулуковко милдеттендирилсин.
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Ж.Молоев |