Загрузка документа…
КОШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 10/53
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектептин үстүн жабуу үчүн пректисин кароо жөнүндө.
Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып, терезелерин алмаштыруу тууралу проектисин карап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36 –беренесине ылайык Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып, терезелерин алмаштыруу тууралуу жалпы сметалык суммасы 3 329,7миң сомду түзгөн проектисин жактырып, 2014-жылга кароо жагы бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине сунушталсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагынын балансасында турган Кара-Саз айылындагы Орозбак уулу Сагынбай атындагы орто мектепти үлүштүк дем берүүчү гранттын негизинде мектептин үстүн жабып, терезелерин алмаштыруу боюнча 10 пайыздык өздүк салым баары сом менен 327,8 миң сом мунун ичинен 5 пайызы акчалай түрдө 166,5 миң сом кошуу жагы, ал эми 5 пайызы эмгек түрүндө 166,5 миң сомдук жумушту аткарып берүү жагы бекитилсин.
3. Өздүк салымды уюштуруп кошуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Абыкеевке милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байташов |