Загрузка документа…
КОШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-сентябры № 7/33
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткаруу менен Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы учүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, кароо жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, кароо жана багбанчылык жер участокторун пайдалагандыгы үчүн жер салыгын:
- мүлк салыгын 1,2,32,4, топтогу объектилерин:
-Кз зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин.
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициенти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүү жана каттоого алууга Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Абыкеевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айыл аймактык кеңешинин тѳрагасы: |
Дж.К.Оторбаев |