Загрузка документа…
КОШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры № 9/41
Кош –Дѳбѳ айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγγнγн программасынын аткарылышы боюнча айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Абыкеевдин отчету
Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγγнγн программасынын аткарылышынын жγрγшγ жѳнγндѳ Кош-Дѳбѳ айыл ѳкмѳт башчысы Абыкеев Темирболоттун билдирγγсγн угуп жана талкуулап тѳмѳндѳгγлѳрдγ белгилейт.
Кош-Дѳбѳ айыл аймагында 2013-жылы социалдык чѳйрѳсγнѳ негизинен стимул берген гранттардын эсебинен каржыланган бир топ инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды.
- 2013жыл. Кара-Саз айылынын кѳчѳсγ 12.0 миллион сом
- 2013-жыл. «О» антенасын орнотуу- 1000000 сом
- 2013-жыл. «Кашаң-Бээ» кѳнγрѳсγн куруу- 350.0 миң сом
- 2013-жыл № 3 Кара-Кγңгѳй YДТ га суу жана кγн аркылуу электр энергиясын берγγчγ 10 кв кичи ГЭС куруу – 40.0 $
- 2013 жыл. Кара-Саз айылынын фонарлары 150.0 миң сом спонсорлор аркылуу
- 2013 жыл. Столбасы 90.0 миң сом айыл ѳкмѳтγ аркылуу
- 2013-жыл Кара-Саз айылынын кѳчѳлѳрγнѳ коюулган банерлери 20.0 миң сом.
- 2013-жыл Кара-Саз айылынын остановкасы 100.0 миң сом
- 2013-жыл Кара-Саз айылынын Аркасы 250.0 миң сом демѳѳрчγлѳр аркылуу
- 2013 жылы Кара-Кγңгѳй айылына мечит курулууда 25.0 $
- 2013 жыл Кара-Кγңгѳй айылынын маданият γйγн кап ремонттон ѳткѳрγγ 1810.2 миң сом
- 2013 жылы Кара-Кγңгѳй айылына фонарларды алып келγγ 57.0 миң сом
- 2013 жыл Кара-Кγңгай айылынын кѳчѳлѳрγнѳ коюлуучу банерлери 20.0 миң сом.
- 2013 жыл Кара-Кγңгѳй айылындагы БСР 10 миллион 250.0 миң сомдук иш аткарылууда
- 2013-жылдын ушул мезгилине карата 1 жыгач устакана. 1 дан эгиндерин комилекстγ кайра иштетγγчγ ишкана (К.Молдобаев). 1 кийин тигγγчγ цех. 1 нан бышыруучу ишкана 2 жаңы соода тγйγнγ ачылып. Жаянтысынан 20 жаңы жумушчу оруну тγзγлдγ.
- 2013-жылы «Нуразык» нан бышыруучу цехи 4 кыз- келиндер иш менен камсыз
- 2013-жылы Кара-Кγңгѳй айылында чач тарач ачылып 1 адам жумуш менен камсыз болду.
- 2013-жылы «Кызылай коому» тигγγчγ цехинде 3-кыз келин иштѳѳдѳ.
- 2013-жылы Кара-Саз айылына «Бал челек» 2 адам иш менен камсыз болду.
Жогорудагыларга токтолуп жана алдыда аткарыла турган тѳмѳндѳгγ иштер тууралу маалымат берди.
2014-2015 жылдар арасында жасалуучу иштер
1. Кара-Кγңгѳй БСР жакшы деңгээлде бγтγрγп алуу керек.
2. Кара-Кγңгѳй мечит, клуб, Таза-Суу боюнча дыкат иш алып баруу.
3. Кара-Кγңгѳй айыл ичиндеги кѳчѳлѳрдγ асфальт тѳшѳтγγ.
4. Кѳчѳ жарыктарын койдуруу банерлерди илдирγγ.
5. Кара-Кγңгѳй № 32 трансформаторун бѳлдγрγγ ѳзγнчѳ, Кара-Саз Сыдыков Шаршебек раздатка жок.
6. Эки айылдын ортосундагы кѳнγрѳнγ оңдотγγ керек тез арада.
7. СПА иштерин жандандыруу баардык латоктор жараксыз абалга келди ошолорду оңдоого жардам керек.
8. Кара-Кγңгѳй, Кара-Саз айылдарынын жаштарына жер жок.
9. Кара-Саз айылын бийик тоолуу айылдардын катарына киргизγγ.
10 Кара-Кγңгѳй Кара-Саз айылдарына бала бакча.
11. Жашылдандыруу кѳрктѳндγрγγ.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кош-Дѳбѳ айыл аймагынын 2013-2017 жылдарга социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγγнγн программасынын аткарылышы боюнча Кош-Дѳбѳ айыл ѳкмѳт башчысы Абыкеев Темирболоттун аткарган иштери жакшы денгээлде жγргγзγлгѳндγ белгиленсин.
2. Кош-Дѳбѳ айыл аймагынагы ИСКАКБлардын, жайыт кеңештерин ишин колго алу алардын тѳрагаларынын жоопкерчилигин кѳтѳрγγ, жана таза суу γчγн бекитилген тарифтерди жайыт акыларын ѳз убагында чогултулушун камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. 2014-жылдын жазгы айдан себγγ, кγзгγ оруп жыюу убагында орун алган кемчиликтерди терең анализден тиешелγγ чечимдерди кабыл алуу менен 2014-жылдан талаачылык иштерине азыртадан даярдык кѳрγγ, мал чырбасынын азыктуулатуу кайра бѳлγштγрγγ фондунун жерлерин максатуу пайдалануу жана ижара акылары ѳндγрγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Жугуштуу оорулардын алыдын алуу максатында профилактикалык иштер дайыма жγргγзγп туруу, калкты медициналык жактан сапаттуу тейлѳѳнγ жакшыртуу боюнча аракеттерди кѳрγγ, айылдардагы γй-бγлѳлγк дарыгерлик тобун кадырлар менен камсыз кылуу жагы райондук γй-бγлѳлγк дарыгерлик тобун кадырлар менен камсыз кылуу жагы райондук γй-бγлѳлγк дарыгерлер борборунун жетекчиси М.Жумаев жана М.Жансеркеевге тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Кош-Дѳбѳ айыл аймакты кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айыл аймактык кеңештин тѳрагасы: |
А.Байташов |