Загрузка документа…
КОШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-декабры № 9/44
Кош-Дөбө айыл аймагынын жарандарга берилүүчү маалыматтардын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын жарандарга берилүүчү маалыматтардын тарифтерин бекитүү максатында депутаттардын Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын жарандарга берилүүчү маалыматтардын тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилип берилсин.
а) Үй бүлөө жөнүндө жана жашап тургандыгы тууралуу маалымат 3 сом
б) Малы тууралуу - 3 сом
в) Базарга мал сатуу жөнүндө - 3 сом
г) Соц помощ, РВК, Сот, РОВДларга берген маалыматтка акы төлөнбөйт.
д) Маалыматтардын бланкасы үчүн - 2 сом
ж) Айыл аймагынын ар бир түтүндөн - 25 сомдон тазалык жыйым
з) Салыктар боюнча ар бир кыркылган квитанция үчүн - 3 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ишеним каттарды күбөлөндүрүү жана ар кандай күбөлөндүрүүчү маалыматтардан 5 сом өлчөмүндө алынсын.
3. Жарандарга берилүүчү маалыматтарды тактап, мыйзамдын негизинде жүргүзүү каттоо жагы жооптуу катчы А.Сыдыкбековага милдеттендирилсин.
Депутаттардын Кош-Дѳбѳ айыл аймактык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байташов |