Редакцияот 30.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын XII сессиясы

2014-жылдын 30-октябры № 74

Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө

макулдук берүү жөнүндө

Депутаттардын Кочкор айыл аймагынын Кенешинин сессиясында Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук беруу жонундо карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык  Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилет.

2. Кочкор айылдык кенеши уюштуруучулардын бардык аталышына жооптуу жана директору болуп О. Болотовдун дайындалганын билдирет.

3. Бардык Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүдөгү юридикалык документтерди Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юридикалык каттоо куболугу менен бирге мамлекеттик каттоодон откоруу жагы Кочкор айыл аймагынын айыл окмот башчысы М. Исраиловго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага:

А.Чолпонкадыров