Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-октябры № 16/2
“Кочкор райондук Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү, уюштурууга макулдугун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесинин негизинде депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн балансында катталган “Таза-Суу” ишканасын киргизүүгө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин Кара-Суу айылындагы Ак-Кыя айыл окмотунун балансындагы “Таза-Суу” ишканасын Кочкор айылдык “Таза-Суу” ишканасына кирүүгө жана “Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө өздөрүнүн макулдугун беришет.
2. Юридикалык каттоодон өткөрүлгөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү берилет.
Депутаттардын Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Т.Абдырахманова |