Редакцияот 13.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

2014-жылдын 13-ноябры № 20/1

Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө

макулдук берүү жөнүндө

Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө Кара-Суу айылдык кенешинин депутаттарынын маалыматтарын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

2. Юридикалык каттоодон откорулгон Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн күбөлүгүнүн көчүрмөсү кошо тиркелсин.

 

Айылдык кеңештин тѳрагасы:

Т.Курткаев