ТоктомКүчүндө

Чолпон айылдык кеңешинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 15/2 «Кочкор райондук»Таза-Суу«муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция14.11.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы

2014-жылдын 14-ноябры № 15/2

Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө

макулдук берүү жөнүндө

Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө Чолпон айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Б. Жапаровдун маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.

2. Юридикалык каттоодон откорулгон Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн күбөлүгүнүн көчүрмөсу кошо тиркелсин.

 

Тѳрага:

Б.Акматов