Редакцияот 13.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СОН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

V чакырылышынын X сессиясы

2014-жылдын 13-ноябры № 10/3

Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө

макулдук берүү жөнүндө

Депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясында Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине жана Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Сон-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор райондук “Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилет.

2. Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юридикалык жактан откорулгон күбөлүгүнүн көчүрмөсү берилет.

 

Сон-Кѳл айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

Байбостонов М.