Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-ноябры № 15-5
Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги Б. Жапаровдун 2014-жылдын 10-сентябрындагы чыгыш №08-1095 сандуу кайрылуусу жѳнγндѳ
Ат-Башы айылындагы административдик аймагында жер салыгын жана 1,2,3,4 тайпадагы мγлк салыгынын обγектилерин киргизγγ, зоналдык коэффициентти кабыл алуу жѳнγндѳгγ Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги Б. Жапаровдун 2014-жылдын 10-сентябрындагы чыгыш №08-1095 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдын 10-сентябрындагы кайрылуусу сессияга кароого кечиктирилип коюлгандыгына байланыштуу кароосуз калтырылсын;
2. Айылдык Кеңешке келип тγшкѳн иш кагаздарды ѳз убагында каттоого алып, сессияга сунуштап туруу жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага эскертилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын тѳрагасынын орун басары: |
Ж.Жумаков |