Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-декабры № 7
Максуталиев Нурлан Кубатовичке Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчиси болуп дайындалуусуна макулдук берүү жөнүндө
Максуталиев Нурлан Кубатович 2014-жылдын 29-ноябрында Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы менен Нарын шаардык мэриясынын 1-декабрь 2014-жылдагы № 553 “б” буйругунун негизинде Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренисинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө ылайык шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого шаардык Кеңеш тарабынан макулдук берилиши керек.
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренисинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө жана Нарын шаардык мэриясынын 1-декабрь 2014-жылдагы № 553 “б” буйругунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренисинин 3-бөлүмүнүн 4-бөлүмчөсүнө ылайык Максуталиев Нурлан Кубатовичке Нарын шаардык суу канал ишканасынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалуусуна Нарын шаардык мэриясынын 1-декабрь 2014-жылдагы № 553 “б” буйругунун негизинде макулдук берилсин.
Тѳрага: | Э.Турсуналиев |