Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-апрели № 4/6
Жылан-Арык айылындагы дыйкан-фермерлердин айдоо аянттарына келтирилип жаткан зыяндарды кыскартуу жана айыл ичиндеги соода эрежелерин тартипке келтирγγ жѳнγндѳ
Жылан-Арык аймагында жаз айларынан баштап кγзгγ тγшγм жыйноо мезгилине чейин айырым айылды атуулдары тарабынан малдарын айдоо аянттарга киргизип мыйзам бузууларга жол берип келишет. Дыйкан фермерлер жаз келгенде жалпы жыйында талкууланып орто жайлоого кѳчγγ, кγзγндѳ кайра жайлоодон айылга кѳчγп келγγ жѳнγγндѳгγ жалпы чогулуштун токтомун дээрлик аткарбайт. Айрым дыйкан фермерлер мингенге ат, саап ичкенге уйларын алып калып айрым учурларда кароосуз коюп дыйкан фермерлердин айдоо айянттарына каптатып ийип зыян келтирген учурлар кѳп кездешет. Айыл ичиндеги соода кылган ишкерлер мыйзамга каршы, жашы жетпегендерге ичимдиктерди сатуу, соода эрежелерин бузуу менен соода кылган учурлар бар.
Жогорудагыларды белгилеп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылан-Арык айылында жазга айдап себγγ мезгилинен кγзгγ оруп жыйуу учуруна чейин айылдын айрым атуулдары тарабынан айдоо аянттарына мал киргизип олуттуу зыянга учуратып келгендиги белгиленсин.
2. Айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлери тарабынан айылдын калкына айдоо аянттарына корук уюштуруу боюнча тγшγндγрγγ иштери жγргγзγлсγн.
3. Жаз айларынан кγзгγ оруп жыюу мезгилине чейин жарандар тарабынан мыйзам бузулуп малдарын кароосуз калтырып айдоо аянттарына зыян келтирсе, сода кылган ишкерлер сода эрежелерин бузупжашы жете элек уландарга ичкилик ичимдиктерин саткан учурлар кездешсе, Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жѳнγндѳгγ мыйзамына ылайык административдик жоопкерчилик жѳнγндѳгγ мыйзамына ылайык административдик жоопкерчилик жѳнγндѳгγ мыйзамына ылайык административдик укук бузуулар жѳнγндѳгγ иштерди кароо боюнча комиссия. Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерсилик жѳнγндѳгγ 92,185 жана 285 беренени жетекчиликке алуу менен жаза чараларын колдонушсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы маданият, саламаттыкты сактоо, элге билим берγγ, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо, социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Нааматбеков |