Загрузка документа…
КѲК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-апрели № 10/8
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты
Сыдыков Айбек Кыязовичтин муниципалдык кызматка
откондугуно байланыштуу, ордуна депутаттык резервде
турган депутаттыка талапкерди Кочкор аймактык
шайлоокомиссиясынан суроо жөнүндө
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты Сыдыков Айбек Кыязовичтин муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, ордуна депутаттык резервде турган депутаттыка талапкерди Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суроо жөнүндө, Көк-Жар айыл аймагынын Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңешинин Депутаттарынын статусу жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Көк-Жар айылдык Кеңешинин депутаты Сыдыков Айбек Кыязовичтин муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Сыдыков Айбек Кыязовичтин ордуна Көк-Жар айылдык Кеңешинин депутаттыгына 2012-жылы 25-ноябрда өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы менен депутаттык талапкердин тизмесине киргизилген кезектеги талапкерди Депутаттыкка бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | А.Кадыракунов |