Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-сентябрындагы № 373 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУГУ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 100-статьясына ылайык "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча жумушчу органдын курамына киргизүү үчүн төмөнкү адамдар аныкталсын: Керимкулов М.Т. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер- министринин милдетин аткаруучу; Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу; Мамытов Б. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн башчысы. Премьер-министр Ф.Кулов