Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-марты № XI/3
Алкогол ичимдиктерин, пиво, тамеки саткан соода тγйγндѳрγнѳ айрым бир чектѳѳлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ
Айыл ѳкмѳтγнγн аймагында калктын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынан жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳгγ мыйзамынын 31 беренесинин 15 пунктун жетекчиликке алып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессияссы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ѳкмѳтγнγн аймагында калктын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында алкогол ичимдиктерин пиво, тамекини эртең мененки саат 9-00 го чейин, кечкисин саат 6-00дѳн кийин соода тγйγндѳрγнѳ сатууга тыюу салынсын.
2. Жашы жетпегендерге алкоголдук ичимдиктерин пиво, тамеки саткан соода тγйγндѳрγнѳ ээлерине Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнγндѳгγ кодексине ылайык айыл ѳкмѳтγндѳ тγзγлгѳн комиссия тарабынан айып салынаары эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу жагы айылдык кеңештин маданият, саламаттык сактоо, билим берγγ, коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо, социалдык жактан коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М. Нааматбеков |