ЛИПЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Липенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
2014-жылдын 1-октябры № 15
Липенка айыл ѳкмѳтγнγн аймагындагы жер салыгынын, мγлк салыгынын 1,2,3 топторун киргизγγ жана калктуу конуштарынын жерлеринин, айыл чарба багытандагы эмес жерлерди пайдалангангандыгы γчγн мγлк салыгы γчγн 1,2,3 группалары боюнча экономикалык пландоо зоналарынын ѳзгѳчѳлγгγнѳ зоналдык коэфицентти бекитγγ жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы «Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизγγ жѳнγндѳ» мыйзамынын 3- беренесине ылайык, 1- январь 2014-жылдан бащтап жер салыгын жана мγлк салыгын жана мγлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча айыл ѳкмѳтγнγн аймагынын ичинде ишке киргизγγ жана айылдык кенештер тарабынан жγргγзγлѳ тургандыгын эске алып. Эл депутаттарынын Липенка айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Липенка айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγндѳ жер салыгы жана мγлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча салыктын тγрлѳрγ 1-январ 2014-жылдан баштап Липенка айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγндѳ ишке киргизилсин.
2. Жер салыгы жана мγлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча эсептѳѳ, чогултуу жана ѳндγрγγ жактары Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин талаптарына ылайык аткарылсын.
3. Айыл аймагынын финансы-экономикалык бѳлγмγнγн башчысы жана салык кызматкери тарабынан жер салыгы жана мγлк салыгынын 1,2,3 топтору боюнча объектерди салык базасына толук киргизγγ боюнча жооптуу деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын салык Кодексинин 339 беренесине ылайык айыл чарба багытында эмес жерлерге тѳлѳнγγчγ жер салыгынын ставкалары КЗ экономикалык пландалуучу зоналар γчγн зоналар коэфицентин мааниси жергиликтγγ кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын ѳзгѳчѳлγктѳрγнѳ жараша γстγбγздѳгγ жылдын 1-октябрынан кеч эмес мѳѳнѳттѳ жылына бир жолудан кѳп эмес 0.3 тѳн 1,2 ге чейинки ѳлчѳмγндѳ белгиленет.
5. Эл депутаттарынын айылдык кеңешинин сессиясынан калктуу конуштарын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы γчγн жер салыгына зоналык коэфиценти Липенка айыл ѳкмѳтγ боюнча 1,0 болуп бекитилсин.
6. Токтомду юстиция органдарынан каттоодон ѳткѳрγп, салык кызматына, тиешелγγ мекемелерине тааныштыруу жагы айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы М.Орозгожоевага тапшырылсын.
Липенка айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Н. Адыров |