Загрузка документа…
КЕРЕГЕ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-июну № 1
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрынын №231 КР Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жөнүндө
Кереге-Таш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып Кереге-Таш айыл аймагынын административдик аймагында төмөнкү салык түрлөрү киргизилсин:
- Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
- Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
-Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
-Мүлк салыгынын 1-чи, 2-чи, 3-чү, 4-чү топтору;
2. Экономикалык пландоо зоналарын жана зоналык коэффициенти 1.2 өлчөмүндө бекитилсин;
3. Мүлк салыгы жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде эсептөөлөр жүргүзүлсүн;
4. Токтом мыйзам чегинде каттоодон өткөрүлүп юстиция башкармалыгына көчүрмөсү жиберилсин;
5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет;
6. Токтомдун аткарылышы Кереге-Таш айыл аймагынын башчысына жүктөлсүн;
Төрага Жооптуу катчы | К. Муканбетов Б. Рыскелдиев |