Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-1
Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси С. Шерматованын 2014-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси С. Шерматованын 2014-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча отчету жөнүндөгү маселени шаардык кенештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Ноокат шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси С. Шерматованын 2014-жылдын 9-айынын жыйынтыгы боюнча отчету эске алынсын.
2.Ноокат шаар мэриясынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалын жакшыртууда ар тараптуу иш чараларды өткөрүү шаар мэриясынын социалдык иштер боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
3.Ноокат шаар мэриясынын аймагында жашаган атуулдардын социалдык абалын жакшыртууда эл аралык донорлор, НПО, бардар үй-бүлөлөр менен иштөөнү улантуу жана алардан адресттүү пайдалануу көнүлгө алынсын.
4.Ноокат шаарынын аймагындагы жашаган ар бир үй-бүлөнүн социалдык абалы боюнча жакындан маалымат алып баруу жагы ТОС башчыларына, коомдук уюмдардын төрагаларына, жалпы шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине жана социалдык маселелер боюнча иштеген адистерге тапширилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |