Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-2
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелүү болгон үйлөрдүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын тургундарына тиешелү болгон турак-жайлардын ээлеген жер тилкесинин аянтынын ичинен багытын өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, суралган жерлердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Бадалов көчөсүнүн тургуну Валиханов Абдулвахобга тиешелү болгон Ош көчөсүндөгү 200 чарчы метр жер тилкесинин ичинен 53,2 чарчы метр жер тилкесинин багытын ашканага, 53.2 чарчы метр жер тилкесинин багытын муздаткыч ондоочу жай деп өзгөртүлсүн.
2. Ноокат шаарынын А.Тапвалдиев көчөсүнүн № 56 үйүнүн тургуну Абдижапаров Аьзамжан Хамитжановичке тиешелү болгон Ноокат шааарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүндөгү 143 чарчы метр аянтты түзгөн “Азия” ашканасынын багытын коммерциялык азык-түлүк сатуучу дүкөн деп өзгөртүлсүн.
3. Ноокат шаарынын Ханкелдиев көчөсүнүн № 41 үйүнүн тургуну Искандаров Махамадюсуп Тохиржоновичке тиешелү болгон жеке менчик 1393,0 чарчы метр жер аянтынын ичинен 100 чарчы метринин багыты тамактануучу ашкана жана 100 чарчы метринин багыты коммерциялык дүкөн деп өзгөртүлсүн.
4. Ноокат районунун Фрунзе көчөсүнүн тургуну Камилжанов Ахмадилла Абдурахмановичке тиешелү болгон Ноокат шаарынын аймагындагы А.Лутфуллаев көчөсүндөгү жеке менчик жер аянтынын 906 чарчы метр ичинен 240 чарчы метринин багытын техникалык тейлөө, сварка иштерин кылуу үчүн, 603,75 чарчы метринин багытын курулуш материалдарын сатуу дүкөнү деп өзгөртүлсүн.
5. Ноокат шаарынын Янтак көчөсүнүн №14 үйүнүн тургуну Ганиева Махфузахон Абдилажоновнага тиешелү болгон Ноокат шааарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүндөгү № 5 “Достук” ашканасынын соода борборунун ичинен 25,56 чарчы метр аянтты түзгөн багытын коммерциялык дүкөн деп өзгөртүлсүн.
6. Ноокат шаарынын ХХV партсьезд көчөсүнүн № 39 үйүнүн тургуну Маматалиева Гулчехра Миралиевнага тиешелү болгон жеке менчик жер аянтынын 1300 чарчы метр ичинен 80 чарчы метринин багытын автомашиналарды техникалык тейлөө, май алмаштыруу жана желимдөө жайы (вулканизация) деп өзгөртүлсүн.
7. Пайдалануу багытынын аталышына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |