Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-3
Ноокат шаарынын аймагында кичи маршруттук каттамдарды уюштурууга уруксат берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу максатында кичи маршруттук каттамдарды уюштурууга уруксат берүү жөнүндө Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин жазган катынын негизинде жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаныдан уюшулган “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген ишканасына Ноокат шаарынын аймагында кичи маршруттук каттамдарды уюштуруусуна маакулдук берилсин жана схемасы бекитилсин.
2. Ноокат шаарынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу максатында кичи маршруттук каттамдары боюнча жарандардын ар бирине 10 (он) сомдон ал эми мектеп жашындагы атуулдардын ар бирине 5 (беш) сом деп бекитилсин жана жогорудагы тарифтерди Кыргыз Республикасы Өкмөтүнүн алдындагы анти монополдук жонго салуу агенствосу менен маакулдашуу жолу менен тийиштуу документтерды тактоо “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген ишканасынын жетекчысыне жүктөлсүн.
3.Тийиштүү документтерди даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |