Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-4
Азыркы күндө эскирип, эки жылдан бери пайдаланууга жарабай туруп калган Ноокат шаардык мэриясынын кызматтык ВАЗ 21099 үлүсүндөгү жеңил автоунаасы жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын кызматкери Аскаров Рустамбек Киргизбаевичтин атасы Аскаров Киргизбай өмүрүнүн көп бөлүгүн Эски-Ноокат айылдык өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенгенин, ушул кызматта иштеп турган мезгилде каза болгондугун, атасынын көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана өзүнүн 1996-жылдан бери эмгектенип келе жаткандыгын эске алып, Ноокат шаардык мэриясынын кызматтык ВАЗ 21099 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 28-95 ОА женил автоунаасы азыркы күндө эскирип, эки жылдан бери пайдаланууга жарабай туруп калгандыгына байланыштуу менчиктештирүүгө берүү жөнүндөгү жазган катын жана Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын балансында турган кызматтык ВАЗ 21099 үлгүсүндөгү женил автоунасы азыркы күндө пайдаланууга жарабай туруп калгандыгына байланыштуу Ноокат шаардык мэриясынын кызматкери Аскаров Рустамбек Киргизбаевичке мыйзамдын негизинде менчиктештирүүгө уруксат берилсин.
2. Тийиштуу документтерин даярдоо жагы Ноокат шаардык мэриясына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |