Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-6
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин
юридикалык дареги өзгөргөндүгү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясы мекемесинин юридикалык дарегин өзгөрткөндүгү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясы мекемесинин юридикалык дареги төмөнкүдөй жаны аталышта аталсын: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, А. Лутфуллаев көчөсү № 5. 2-кабат.
2. Ноокат шаар мэриясы мекемесинин жаңы юридикалык дареги жөнүндө Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция башкармалыгына кабарлансын.
3. Ноокат шаар мэриясы мекемесинин күбөлүктөрүн жаны дарек боюнча Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өзгөртүп келүү жагы Ноокат шаар мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө аламын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |