Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-7
Ноокат шаардык кеңеши мекемесинин
юридикалык дареги өзгөргөндүгү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңеши мекемесинин юридикалык дарегин өзгөрткөндүгү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңеши мекемесинин юридикалык дареги төмөнкүдөй жаны аталышта аталсын: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, А.Лутфуллаев көчөсү №5. 1-кабат.
2. Ноокат шаардык кеңеши мекемесинин жаңы юридикалык дареги жөнүндө Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция башкармалыгына кабарлансын.
3. Ноокат шаардык кеңеши мекемесинин күбөлүктөрүн жаны дарек боюнча Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция башкармалыгынан өзгөртүп келүү жагы Ноокат шаар мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө аламын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |