Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-8
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти мекемесинин юридикалык дареги өзгөргөндүгү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти мекемесинин юридикалык дареги өзгөргөндүгү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти мекемесинин юридикалык дареги төмөнкүдөй жаны аталышта аталсын: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат шаары, А.Лутфуллаев көчөсү № 5. 1-кабат.
2. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти мекемесинин жаңы юридикалык дареги жөнүндө Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция башкармалыгына кабарлансын.
3. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти мекемесинин күбөлүктөрүн жаны дарек боюнча Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция башкармалыгынан өзгөртүп келүү жагы Ноокат шаар мэриясынын юристи Ч.А.Ырысбаевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө аламын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |