Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № XVIII-9
Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын жыл ичинде сметада бекитилген акча каражатынан үнөмдөлүп калган акча каражатын жылдыруу жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын 2014-жылдын бюджетинин балдар бакчасына каралган башка чыгымдардан, орто мектептердин башка чыгымдарынан унөмдөлүп калган акча каражаты, жыл ичинде сметада бекитилген өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу башка чыгымдарга жылдыруу жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2014-жылдын бюджетинин 709 бөлүмдөн балдар бакчасына каралган башка чыгымдардан 103 700 сом, орто мектептердин башка чыгымдарына каралган 271 500 сом, 708 бөлүмдөн башка чыгымдарына каралып үнөмдөлүп калган 19 850 сом жалпысы 395 050 сом акча каражатынын төмөндөгү:
-701 бөлүмдүн (мамлекеттик башкарууга):
-2211(сапардамалык чыгымдарга)-Ноокат шаар мэриясында эмгектенип жаткан кызматкерлердин сапар чыгымдарына-40 000 сом;
-22154-Ноокат шаар мэриясынын башка чыгымдарына-10 0 000 сом;
-3112-Ноокат шаарынын мэриясынына мебель сатып алууга 150 000 сом;
-2214 (транспорттүк чыгымга)-Ноокат шаар мэриясына-5000 сом;
-709 бөлумдүн (билим берүү):
-2221 (ремонттоого)- Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мекептин жылытуу системасын ремонттоо үчүн 63 450 (алтымыш уч мин торт жуз элуу) сом;
706 бөлүмдүн (ЖКХ):
-22154 (башка чыгымдарга)-36 600 сом;
Анын ичинде:
-Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин курулуп жаткан спорт залынын курулушуна техникалык көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн 10 000 (он мин) сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев жана А.Лутфуллаев көчөлөрүнө КТП орнотуу жана У.Салиева атындагы балдар бакчасынын түндүк-батыш тарабына кошумча бөлмө курулушуна (ИПЗ) 16 654 сом;
-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде 2360 (эки миң үч жуз алтымыш) сом;
-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине канцеляриялык буюмдар үчүн 7586 (жети миң беш жүз сексен алты) сом;
Жалпысы болуп 395 050 сом акча каражатын зарыл болгон чыгымдарга жылдырууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: | А. Гафаров |