Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 12-октябрындагы № 203 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин долбоорун иштеп чыгуумаксатында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин долбоорун иштепчыгуу боюнча төмөнкүдөй курамда жумушчу тобу түзүлсүн: Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-секретары, жумушчу топтун төрагасы, Молдокулов С.А. - Кыргыз Республикасынын өнөнр жай, с оода жана туризм министринин биринчи орун басары, Давыдов Н.П. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалык кызмат башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Сыдыгалиев Т.У. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнүн башчысы орун басары, Тургунбеков М.Э. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнүн башчысын орун басары, Шермухамедов Н.А. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөнр жай жана соода башкармалыгынын эксперти, Пурикова А.И. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жалпы бөлүмүнүн эксперти, Искаков Э.Б. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башкы башкармалыгынын - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иш-аракеттерин координациялоо боюнча борборунун начальниги. 2. Жумушчу тобу эки жумалык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн Регламентин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилсин. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын юридика бөлүмүнө жана жалпы бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министрининАппарат Жетекчиси-министр Т.Коеналиев