Загрузка документа…
КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 60/16-6
“Кара-Көл шаарынын экономикалык
пландаштыруу зоналары жана аларга
2015-жылга жер салыгын салуу үчүн
коэффициенттерди (К3) белгилөө жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнүн талабына ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Т.Муратовдун кайрылуусун жана бул маселе боюнча шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.С.Жетешикованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасында арналбаган жерлерди пайдаланууда экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша төмөндөгүдөй зоналарга бөлүнөөрү бекитилсин:
I зона: Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя, Канат, Ак-Шар, Чоң-Таш, Кайыңды,
Жээн-Кыштоо, Сухой-Сай, Завод, Акташ көчөлөрү;
II зона: I зонада каралбаган Кара-Көл шаарынын көчөлөрү;
III зона: Ош-Бишкек жолунун жол огунан 100 метр аралыкта жайгашкан
соода-сатык обьектилери, комерциялык негиздеги тейлөө ишканалары
жана коомдук тамактануу жайлары;
IV зона: Кетмен-Төбө , Жазы-Кечүү аймактары (III зонада көрсөтүлгөн
аймактардан сырткары)
2. Кара-Көл шаарында калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн 2015-жылга жер салыгын төлөөдө экономикалык пландаштыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша жер салыгынын төмөндөгүдөй коэффициенттери (К3) бекитилсин:
I зона- 0,6; II зона-1,2; III зона- 1,2; IV зона- 0,4.
3. Короо жай жана багбанчылык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэффициенттери (К3) 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтом 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Г.С.Жетешикова) жүктөлсүн.
Тѳрага: | Женбеков |