Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-июлу № 6
Ача-Кайыңды айылынын административдик аймагында
жер салыгынын жана 1.2.3.4 тайпадагы мүлк салыгынын объектилерин киргизүү, зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү” № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Ача-Кайыңды айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинде” көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында депутаттардын Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
6.1. 2014-жылдын 1-январынан баштап Ача-Кайыңды айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин; -айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, калк конуштарын жерлерин жана айыл чарба багытына арналган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы; -1.2.3.4. тайпадагы мүлк объектилеринин мүлк салыгы.
6.2. Кз- зоналык коеффиценти 1,0 өлчөмдө бекитилсин
6.3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын “Салык Кодексинин “ негизинде жүрулсүн.
6.4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин
6.5. Токтом 2014-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6.6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтунүн башчысына милдеттендирилсин
Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Г. Асанова |