Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-апрели № 7
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХIII-кезектγγ сессиясында каралган маселе: Жайыт комитетинин бюджетин бекитγγ боюнча Б.Мамбеталиевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын ХIII- кезектγγ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акысы ар бир кой эчкиге Ак-Жар айылынын тургундары γчγн 8 (сегиз) сомдон тѳлѳнсγн. Бодо малга уй, жылкы, топоз, тѳѳлѳргѳ Ак-жар айылынын тургундарына ар бир башына 40 (кырк) сомдон, башка айылдын тургундарына Бодо малга 60 (алтымыш) сомдон, кой эчкиге 12 сомдон тѳлѳнсγн.
2. Жайыт эсебиндеги башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аянттарынын жерине 1.0 сотых жерге 10(он) сомдон тѳлѳнсγн.
3. Жаздоого. Жайлоого ѳз убагында кѳчпѳгѳн жайыт пайдалануучуларга 5000 (беш) миң сомдон айып тѳлѳнсγн. Ар бир кѳчпѳгѳн кγндѳр γчγн 2% γстѳк эсептелсин. Жаздоого 5-апрелден калбай кѳчγрγлсγн, алыскы жайлоого 15-июндан калбай кѳчγрγлсγн,
4. Кγздѳѳгѳ 1-октябдан эрте кѳчγп келбесин жайыт пайдалануучуларга кѳчγп кону графиги келишимге кѳрсѳтγлсγн. Эрте кѳчγп келгендерге 5000(беш)миң сом айып тѳлѳнсγн.
5. Ички жайыттардан кѳчпѳй мыйзамга баш ийбеген жайыт пайдалануучуларга КР мыйзамдарына ылайык чара кѳрγлсγн. Административдик жоопко тартылсын. Ички жайыттан кѳчпѳгѳндγгγ тууралуу акт жазылсын. Башка айылдын жайытына барып жайлап келген жайыт пайдалануучуларга токтомдо бекиген баа менен Ак-Жар айылынын жайыт комитетине жайыт акысы тѳлѳнсγн.
6. Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим тγзγлсγн жана комиссия менен бирдикте санак жγргγзγлсγн, малын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинеде чара кѳрγлсγн.
7. Малын кем санаткан жана 5-апрелден 1-октябрга чейин эгин, чѳп аянтына камакка тγшкѳн малдардын ээлерине жана жайыт пайдалануучуларга ар бир кой эчкиге 100 (жγз) сомдон, ар бир баш бодо малга 500 (беш) жγз сомдон айып тѳлѳнсγн.
8. Ак-Жар айыл аймагындагы жайыт жеринде тур ѳткѳзγп жаткан ар бир аңчылык фирмаларга жана Ат-Башы районунан тѳгγлγп жаткан таштандыга тиешеси бар ар бир мекеме жайыт комитети менен келишим тγзγп келишимде кѳрсѳтγлгѳн сумманы жайыт комитетинин эсебине которуп берилсин.
9. Жайыт комитетинин уруксааты жок тѳгγлгѳн ар бир машина таштандыга 5000 (беш) миң сомдон айып салынсын. Ак-Жар айылына караштуу жайыт жерлеринен алынып жаткан топо, шагыл жγктѳп берип жаткан экскаватор менен келишим тγзγлγп, келишимде кѳрсѳтγлгѳн сумманы жайыт когмитетине тѳгγп берилсин. Жайыт комитетинин уруксааты жок алынган ар бир кузов топо, шагылга 5000 (беш) миң сомдон айып салынсын.
10. Ак-Жар айылындагы элдин менчик малын баккан малчылар Ак-Жар айылынын тургундарынан ар бир кой эчкиге 30 (отуз) сомдон алынсын, ал эми башка айылдын тургундарынан 35(отуз беш) сомдон багышсын. Бодо мал γчγн Ак-Жар айылынын тургундарынан 150 (жγз элγγ) сомдон башка айылдын тургундарынан 200(эки жγз)сомдон багылсын.
11. Жайкысын керектѳѳ γчγн алып калган майда мал жандыктарды багыш γчγн Касмалиев Алтымыштын, Жунушов Жакыпбектин, Жумабаев Сапайдын сарайына калтырылсын ар бир кой эчки айына 50 (элγγ) сомдон багылсын.
12. Жайыт акысын 2011-2012-2013-жылдан бери тѳлѳбѳгѳн жарандарга айыл ѳкмѳттѳн спарвка берилбесин.
13. Бул токтомдун аткарылышын жайыт комитетинин тѳрагасы Б.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.
14. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳттγн башчысы М.Кадыркуловго милдетендирилсин.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А. Кабылов |
| Ак-Жар айыл тургундарынын «3»апрели 2014-жылдагы элдик жыйынынын токтомуна тиркеме |
1. Чѳп чабуучу комбайнга 1(бир)га жерге 10(он)литр кγйγγчγ май, 1000(бир миң) сом кызмат акы тѳлѳнсγн.
2. Чѳп престегенге 1га жерге15(он беш) литр кγйγγчγ май 1(бир) боо чѳпкѳ 6(алты) сом кызмат акы тѳлѳнсγн
3.Тележка менен чѳп тартканга 12(он эки) саатка 1200(бир миң эки жγз) сом тѳлѳнсγн кγйγγчγ май жердин аралыгына жараша куюлсун
4.Комбайн менен эгин чапканга 1(бир)га жерге 20(жыйырма) литр кγйγγчγ май, 1000(бир миң) сом кызмат акы тѳлѳнсγн.
5.Тележка менен эгин тартканга 1(бир) рейске 300(γч жγз) сом тѳлѳнсγн кγйγγчγ май жердин аралыгына жараша куюлсун.
Ак-Жар айылдык кеңешинин тѳрагасы |
А. Кабылов |