Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-августу № 56
Теплоключенка айыл аймагынын зоналык коэффициенти жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрынын 3231 Салык кодексин колдонууга киргизγγ жѳнγндѳ Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бѳлγмγн иш жγзγнѳ ашыруу жана жергиликтγγ бюджетти кѳбѳйтγγ максатында, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2004-жылдын 1-январынан тартып Теплоключенка айыл аймагында тѳмѳнкγ салык тγрлѳрγ киргизилсин:
-айыл чарба багытындагы жерлерин пайдалангандыгы γчγн жер салык;
-айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы γчγн жер салык;
-γй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы γчγн жер салык;
-Мγлк салыгынын 1-чи, 2-чи, 3-чγ, 4-чγ тобу.
2. Экономикалык-пландоо зоналарын жана зоналык коэффициенти калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер γчγн 1.2 ѳлчѳмγндѳ бекитилсин.
3. Мγлк салыгы жана жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде эсептѳѳлѳр жγргγзγлсγн.
4. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялансын, Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
5. Токтом ММКна басылып чыккан кγнγ юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизγγ γчγн жиберилсин.
6. Ушул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып кγчγнѳ кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсун.
Теплоключенка айыл кеңешинин тѳрагасы: | Джаныбеков К.С. |