Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-декабры № 70
Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттары жѳнγндѳ Жобону бекитγγ тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берγγнγн тартиби жана шарттары жѳнγндѳ типтγγ жобону бекитγγ тууралуу» токтомунун негизинде жана бекитилген типтγγ жобосуна ылайык, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара берγγнγн тартиби жана шарттары жѳнγндѳ Жобосу бекитилсин, тиркелет
2. Ушул токтом райондук «Ак-Суу баяны» гезитине жарыялоо γчγн жиберилсин.
3. Айылдык кеңештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
4. Токтом ММКна басылып чыккан кγнγ юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизγγ γчγн жиберилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Э.Эралиевге жγктѳлсγн.
Теплоключенка айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Джаныбеков К.С. |