Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-декабры № 75
Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан
Ак-Суу райондук турак-жай коммуналдык чарбасынын
суу боюнча сунушталган тарифтерин бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагында жайгашкан Ак-Суу райондук турак-жай коммуналдык чарбасынын ичүүчү суу боюнча сунушталган тарифтерин карап, талкууго алып, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагында калкка берилүүчү ичүүчү суунун 1 куб.м. 5 сомдон: суу түтүктөр үй ичинде болсо бир кишиге жылына төлөнүүчү акчанын өлчөмү 186.15 сом; көчөдөгү колонкадан алынуучу сууга бир кишиге жылына төлөнүүчү акчанын өлчөмү 111.69 сом. бекитилсин.
2. Бул бекитилген тарифтер монополияга каршы башкармалыгы менен макулдашылсын.
3. Ушул токтом райондук “Ак-Суу баяны” гезитине жарыялоо үчүн жиберилсин.
4. Ушул токтом укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Токтом МККна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Эралиевге жүктөлсүн.
Теплоключенка айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Джаныбеков К.С. |